ПРОФИЛГЕ ЧЕЙИНКИ КОМПОНЕНТ: «ХИМИЯ (ТЕРЕҢДЕТИП ОКУТУУ)»
2026–2027-окуу жылынан тартып «Химия (тереңдетип окутуу)» 8-класстын окуучулары тандай ала турган профилге чейинки даярдоо программаларынын бири болот. Программа 34 окуу саатына эсептелген. Программанын негизги максаты - химияга окуучунун кызыгуусун арттыруу, сынчыл ой жүгүртүүнү жана изилдөөчүлүк көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле окуучуларга келечектеги билим алуу багытын аң-сезимдүү тандоого жардам берүү. Сабактарда практикалык, изилдөөчүлүк жана долбоордук иштерге өзгөчө көңүл бурулат. Окуучулар химиялык кубулуштарды байкап, божомолдорду сунуштап, эксперименттерди жүргүзүп, алынган натыйжаларды талдап жана жыйынтык чыгарууну үйрөнүшөт. Окутууда «баштапкы эксперимент» ыкмасы колдонулат. Алгач окуучулар кубулушту байкап, практикалык тажрыйба жүргүзүшөт, андан кийин аны илимий жактан түшүндүрүүгө өтүшөт. Профилге чейинки даярдоо программалары жана методикалык сунуштар Кыргыз билим берүү академиясынын www.kao.kg сайтында жайгаштырылган.
Название:
ПРОФИЛГЕ ЧЕЙИНКИ КОМПОНЕНТ: «ХИМИЯ (ТЕРЕҢДЕТИП ОКУТУУ)»
Категория:
Разное