ТЕМИР ДАМИРБЕКОВ-ИЗДЕШЕЛИ |2026| ЖАҢЫ ЫР (мен силерди жакшы көрөм) #жаныыр #жаныклип #кыргызырлары
Сөзү: Жаңылкан Бегалиева Обону: Мойдин Төрөкулов Издешели,өмүр өтүп баратат Сурашалы,көңүл деген аманат Издегиле,мен да керек болоормун, Адамзаты өмүргө бир жаралат Мен силерди жакшы көрөм билгиле Таарынбастан аман эсен жүргүлө Мен силерди жакшы көрөм жакшы көрөм ай билгиле Силер мага,мен силерге керекмин, Билем,бирок керексиз күн келээрин. Ошол мезгил баарыбызга келгиче, Бар бололу силерге айтар тилегим. Мен силерди жакшы көрөм билгиле Таарынбастан аман эсен жүргүлө Мен силерди жакшы көрөм жакшы көрөм ай билгиле Кээде ыйлатып,кээде бизди күлдүрүп, Өтүп жатат өз нугунда тирүүлүк. Мен силерди,силер мени жоготпой, Жүрөлүчү амандыкты билдирип. Мен силерди жакшы көрөм билгиле Таарынбастан аман эсен жүргүлө Мен силерди жакшы көрөм жакшы көрөм ай билгиле
Название:
ТЕМИР ДАМИРБЕКОВ-ИЗДЕШЕЛИ |2026| ЖАҢЫ ЫР (мен силерди жакшы көрөм) #жаныыр #жаныклип #кыргызырлары
Категория:
Разное