ИНСУЛЬТ БОЛГОНДО ДАРОО ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК? | ЭСЕН ДОКТОРДОН КЕНЕШ
«ИНСУЛЬТ БОЛГОНДО ДАРОО ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?» Инсульт болгондо биринчи саат өмүрдү сактап калат! Бирок көптөр эмне кылуу керектигин так билбейт. Инсульт — бул мээге кан жетпей калганда же кан тамыр жарылып кеткенде болот. Нерв клеткалар кислородсуз калат да өлө баштайт. 📌 Эгер адамда: ✔️ Сүйлөй албай калса, ✔️ Кол-бут шал болсо, ✔️ Бир жак бети кыйшайса — инсульт болушу мүмкүн! ✅ Эмне кылуу керек? 1️ Дароо тез жардам чакырыңыз! 2️ Бейтапты жаткырыңыз, башын бир аз көтөрүңүз. 3️ Кийимин бошоңдотуңуз. 4️ Суу же тамак бербеңиз. 5️ Өзүңүз көчүрүп жылдырбаңыз — адисти күтүңүз. 6️ Кан басымын өлчөңүз, белгилерин унутпай эсиңизде кармаңыз!» Томографиясыз инсультту так аныктоо кыйын. Так диагноз өмүрдү сактайт! Инсульт өткөндөн кийин реабилитацияны кечеңдетпеңиз! Биринчи 3 ай — алтын убакыт!» Комментарийге «ИНСУЛЬТ» деп жазыңыз — мен сизге жөнөкөй чек-лист жөнөтөм. 👉 Ой бөлүшүңүз, сактап алыңыз жана бул видеону жакындарыңызга жөнөтүңүз — балким сиз дагы бирөөнүн өмүрүн сактап каласыз! 💚 Esen Clinic — ар бир кадам сиздин өмүрүңүз үчүн!
Название:
ИНСУЛЬТ БОЛГОНДО ДАРОО ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК? | ЭСЕН ДОКТОРДОН КЕНЕШ
Категория:
Разное