Канткенде! Хит 2026
Канткенде: Түндө ойлор тынчтык бербейт санаама, Сүрөтүң да келе берет көз алдыма. Акылым сени унут дегени менен, Жүрөгүм баш ийбеди акылга да. Канткенде мен өзүңдөн узай алам, Канткенде жаңы жашоо курай алам. Боору таш сенин мерез жүрөгүңө, Кантип мен мындан ары чыдай алам. Бердим сага бүт сезимим, бүт өмүрүм, Сактап калам дегем ошол үмүттү. Жалгыз таштап жүрөктү да көңүлдү да, Бирок сенин тандаганың башка адам, Канткенде мен өзүңдөн узай алам, Канткенде жаңы жашоо курай алам. Боору таш сенин мерез жүрөгүңө, Кантип мен мындан ары чыдай алам. с.о Кубатов Өмурбек
Название:
Канткенде! Хит 2026
Категория:
Разное