Ички иштер министрлигинде адам сатууга каршы күрөшүү боюнча ЕККУнун өкүлү менен жолугушуу өттү
2026-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев менен адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмнун (ЕККУ) Атайын өкүлү жана координатору Кэри Джонстондун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселелерин, ошондой эле жабыркаган адамдарды коргоо жана колдоо механизмдерин талкуулашты. Нурбек Абдиев ички иштер органдары тарабынан адам сатуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ЕККУ менен кызматташууну мындан ары бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана адам сатууга каршы күрөшүү жаатында эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул багытта мындан ары да жемиштүү өз ара аракеттенүүгө жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. ИИМдин Басма сөз кызматы
Название:
Ички иштер министрлигинде адам сатууга каршы күрөшүү боюнча ЕККУнун өкүлү менен жолугушуу өттү
Категория:
Разное