Эч ким биле албаган беш кайып!
Инсан акылы менен аңдап түшүнө албаган, билүүгө күч-кудурети жетпеген кээ бир нерселер бар. Алар “кайып”, тактап айтканда, бир гана Аллах Таалага маалым болгон нерселер. Даанышман Куранда жана куттуу хадистерде “беш кайып” тууралуу сөз кылынат. Булар Аллахка гана маалым. Лукман сүрөөсүндө беш кайып тууралуу ушундай айтылган: “Акыйкатта, Кыямат күнүнүн мөөнөтүн Аллах гана билет. Ал жаан жаадырат жана курсактагыны билет. Бир дагы жан эртең эмне болорун жана кайсы жерде өлөрүн билбейт. Акыйкатта, Аллах – Билүүчү, Кабардар.” (Лукман сүрөөсү, 34) Бул сүрөөдөн белгилүү болгондой, беш кайып нерсе булар: • Кыяматтын качан болушу • Жамгырдын жаашы • Карындагы баланын абалы • Адамдын эртең эмне болушу • Адамдын кай жерде өлүшү
Название:
Эч ким биле албаган беш кайып!
Категория:
Разное